ТРАНСПОРТ КАРАЗДАРЫН ПАЙДАЛАНУУГА УРУКСАТ БЕРҮҮ БОЮНЧА НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР ЖАНА ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСОО БОЮНЧА КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН МИЛДЕТТЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-майындагы № 14 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Механикалык транспорт каражаттары жана чиркегичтер “Транзит” каттоо белгиси колдонулган мезгилдин ичинде же аларды сатып алуудан же бажы документтерин толтуруудан кийин 10 жумуш күндүн ичинде транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

2. Механикалык транспорт (трамвай жана троллейбустардан башка) каражаттары жана чиркегичтерге ошол жер үчүн каралган тийиштүү үлгүдөгү каттоо белгилери орнотулат. Каттоо белгилеринин цифралары жана ариптери жүк ташуучу автомобилдин, чиркегичтердин (жеңил автомобилдер менен мотоциклдин чиркегичтеринен тышкары) жана автобустардын (өтө кичине автобустардан башка) кузовунун арткы жагында кайталанууга тийиш. Цифралардын бийиктиги кеминде 300 мм, жазылыгы – кеминде 120 мм, штрихтин калыңдыгы – 30 мм, ариптердин өлчөмү цифранын өлчөмүнүн үчтөн бирине туура келүүгө тийиш.

Трамвайлар менен троллейбустарга тийиштүү ведомстволор берген каттоо номерлери тагылат.

3. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугуна жана курчап турган чөйрөнү коргоого тиешеси бар техникалык абалы жана жабдуулары тийиштүү стандарттарга, аларды техникалык жактан пайдалануунун эрежелерине жана көрсөтмөлөрүнө ылайык келүүгө тийиш.

4. Адамдарды ташууга арналган борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдер полдон 0,3 – 0,5 метр бийиктикте жана борттун жогорку кырынан кеминде 0,3 метр аралыкта орнотулган орундуктар менен жабдылууга, ал эми балдарды ташууда өзүнүн бортунан тышкары полдон ал кеминде 0,8 метр бийик болууга тийиш.

Арткы же каптал бортту бойлой жайгашкан орундуктардын бекем жөлөнгүчү болууга тийиш.

5. Айдоого үйрөтүүгө пайдаланган жана окутуу уюмуна тиешелүү механикалык транспорт каражаты жайгаштыруунун жана тормоздун кошумча муунагы менен жабдылууга тийиш.

6. Велосипеддин тормозу оң абалында болуп, руль жана үн чыгаруучу сигналы болууга, алды жагынан жарыкты чагылдыргыч жана фонарь же ак түстөгү (сутканын караңгы учурунда жана көрүүгө начар болгон шартта жүрүү үчүн) фара менен, арт жагынан жарык чагылдыргыч же кызыл түстөгү фонарь менен, ал эми эки капталы – саргыч же кызыл түстөгү жарык чагылдыргыч менен жабдылууга тийиш.

7. Ат арабанын токтоп тургандагы тормоздук жабдуусу жана артка жылып кетүүгө каршы таянычы болууга, алды жагынан эки жарык чагылдыргыч же ак түстөгү фонарь (түн ичинде жана жол начар көрүлгөн шартта), арт жагынан эки жарык чагылдыргыч же кызыл түстөгү фонарь менен жабдылышы керек.

8. Транспорт каражаттарында төмөнкүдөй айырмалоочу белгилер орнотулууга тийиш:

Автопоезд – чиркегичи бар жүк ташуучу автомобилдерде жана (1,4 тонна жана андан жогорку класстагы) дөңгөлөктүү тракторлордо, ошондой эле ортосу бүктөлмө автобустар