
Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана
жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин
1-тиркемеси
Транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салына турган бузуктуктардын жана шарттардын
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-майындагы № 14 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул тизме пайдаланууга тыюу салына турган автомобилдерди, автобустардын, автопоезддердин, чиркегичтердин, мотоциклдердин, мопеддердин, тракторлордун, башка өзү жүрүүчү машиналардын бузуктуктарын жана шарттарын белгилейт. Төмөндө келтирилген параметрлерди текшерүүнүн ыкмасы Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары. Пайдалануудагы коопсуздукка болгон талаптар жана текшерүү методдору” 33997-2016 ГОСТу” менен жөнгө салынган.
Тормоз системасы
1.1. Жолдо сынаганда тормоз системасынын натыйжалуу тормоз беришинин төмөнкү нормалары сакталбайт:
Тормоз берүү жолу (м) ашпайт | Белгиленген акырындоо кеминде (м.кв/с2) | |
Жалгыз транспорт каражаты: | ||
Жеңил автомобилдер жана жук ташуу үчүн алардын модификациялары | 12,2 (14,5) | 6,8 (6,1) |
Уруксат берилген максималдуу массасы 5 тоннага чейинки автобүстар | 13,6 (18,7) | 6,8 (5,5) |
Ошонун эле өзү 5 тоннадан ашык | 16,8 (19,9) | 5,7 (5) |
Уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу автомобилдер | 15,1 (19) | 5,7 (5,4) |
Ошонун эле өзү 3,5 тоннадан 12 тоннага чейин | 17,3 (18,4) | 5,7 (5,7) |
Ошонун эле өзү 12 тоннадан ашык эки дөңгөлөктүү | 16 (17,7) | 6,2 (6,1) |
Мотоциклдер жана мопеддер | 7,5 (7,5) | 5,5 (5,5) |
Мотоцикл капталындагы чиркегичи менен | 8,2 (8,2) | 5 (5) |
Автопоезд, сүйрөгүч болуп саналгандар | ||
Жеңил автомобилдер жана жүк ташуу үчүн алардын модификациялары | 13,6 (14,5) | 5,9 (6,1) |
Уруксат берилген максималдуу массасы 5 тоннага чейинки автобустар | 15,2 (18,7) | 5,7 (5,5) |
Ошонун эле өзү 5 тоннадан ашык | 18,4 (19,9) | 5,5 (5) |
Уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу автомобилдер | 17,7 (22,7) | 4,6 (4,7) |
Ошонун эле өзү 3,5 тоннадан 12 тоннага чейин | 18,8 (22,1) | 5,5 (4,9) |
Ошонун эле өзү 12 тоннадан ашык | 18,4 (21,9) | 5,5 (5) |
Эскертүү:
1. Тормоздук жолдун жана кашаанын ичинде жазылган токтотуунун мааниси 1981-жылдын 1-январына чейин чыгарылган транспорт каражаттарына жайылтылат.
2. Сыноо горизонталдык, тегиз, кургак, тегиз төшөлгөн цемент-асфальт жолдо автомабилдер, автобустар жана автопоезддер үчүн тормоз берүүнүн башталышы 40 км/саатта жана мотоцикл жана мопеддер үчүн 30 км/саатта жүргүзүлөт. Транспорт каражаттары толук ишке жарактуу абалында жумушчу тормоз системасын башкаруу органынын бир нече жолу аракетке келтирүү менен сыналат.
3. Транспорт каражаттарынын жумушчу тормоз системасынын натыйжалуулугу башка көрсөткүчтөр боюнча 33997-2016 ГОСТУна ылайык да бааланышы мүмкүн.
1.2. Гидравликалык тормоз муунагынын герматикасынын бузулушу.
1.3. Пневматикалык жана пневмогидравликалык тормоз муунагынын герметикасынын бузулушу кыймылдаткыч иштебей турганда абанын кысымынын аны толук аракетке келтиргенден кийин 15 минутанын ичинде 0,05 Мпа (0,5 кгс/кв.см) ашыкка түшүшүн пайда кылат.
1.4. Пневматикалык жана пневмогидравликалык тормоз муунагынын манометрлери иштебейт.
1.5. Токтоп турган тормоз системасы төмөнкүлөрдүн кыймылсыз турушун камсыз кыла албайт:
- толук жүктөлгөн транспорт каражатынын – 16 %ке чейинки жантаймада турушун;
- толук ишке даяр жеңил автомобилдердин жана автобустардын – 23%ке чейинки жантаймада турушун;
- толук ишке даяр автомобилдердин жана автопоезддердин 31%ке чейинки жантаймада турушун.
Рулдук башкаруу
2.1. Төмөнкүлөр рулдук башкаруунун жалпы люфтун жогорулатат:
Транспорт каражатынын тиби | Жалпы люфт (градус), мындан ашпайт |
Жеңил автомобилдер жана алардын базасында жасалган жүк ташуучу автомобилдер жана автобустар | 10 |
Автобустар | 20 |
Жүк ташуучу автомобилдер | 25 |
2.2. Конструкцияда каралбаган тетиктер менен түйүндөрдүн жылып кетиши; сайлуу бирикмелер бекем тартылбаган же белгиленген ыкма менен бекитилбеген.
2.3. Конструкцияда каралган рулдук башкарууну же рулдук демпферди (мотоциклдер үчүн) күчөткүч бузук же ал жок.
Тышкы жарык берүүчү приборлор
3.1. Тышкы жарык берүүчү приборлордун саны, тиби, түсү, жайгашуусу жана иштөө режими транспорт каражатынын конструкциясынын талаптарына жооп бербейт.
Эскертүү: Өндүрүштөн чыкпай калган транспорт каражаттарына башка маркадагы жана моделдеги транспорт каражаттарынан алынган тышкы жарык берүүчү каражаттарды тагууга уруксат берилет.
3.2. Фараларды жөнгө салуу 33997-2016 ГОСТунун талаптарына туура келбейт.
3.3. Белгиленген режимде иштебейт же тышкы жарык берүүчү приборлор жана жарык чагылдыргычтар булганган.
3.4. Жарык берүүчү приборлордо жарыкты чачыратуучулар жок же жарык берүүчү прибордун ошол тибине ылайык келбеген жарык чачыраткычтар жана лампалар пайдаланылат.
3.5. Жалтырап туруучу маяктарды орнотуу стандарттардын талаптарына ылайык келбейт.
3.6. Транспорт каражатынын алды жагына кызыл түстөгү оттор же кызыл түстөгү жарык чагылдыргыч приборлор, ал эми арт жагында – артка жүрүүнү көрсөтүүчү жана каттоо белгисин, айырмалоочу жана таанытуучу белгилерди көрсөтүүчү фонардан тышкары ак түстөгү жарык орнотулган.
Маңдайкы терезени тазалагыч жана терезе жуугуч
4.1. Терезе тазалагычтар белгиленген режимде иштебейт.
4.2. Транспорт каражатынын конструкциясында каралган терзе жуугучтар иштебейт.
Дөңгөлөктөр
5.1. Жеңил автомобилдердин дөңгөлөктөрүнүн быдырларынын бийиктиги кеминде 1,6 мм, жүк ташуучу автомобилдердики – 1 мм, автобустр – 2 мм, мотоциклдер менен мопеддер – 0,8 мм болот.
Эскертүү: Чиркегичтер үчүн дөңгөлөктүн быдырларынын бийиктиги транспорт каражаттары – сүйрөгүчтөрдүн дөңгөлөгү үчүн берилген нормадагыдай болот.
5.2. Дөңгөлөктөрдүн кээ бир жерлери бузулган (тешик, тилик, айрык) болуп, ичи чыгып калат, ошондой эле каркасы ажырап, быдырлары жана каптал жагы сыйрылган болот.
5.3. Дөңгөлөктүн дискасы жана алкагы жарака болуп же аны беките турган болт (гайка) жок болот.
5.4. Дөңгөлөктүн өлчөмү же ага келтирилген күч транспорт каражатынын ошол моделине туура келбейт.
5.5. Транспорт каражаттын бир огуна ар башка өлчөмдөгү, конструкциядагы (радиустагы, диагоналдагы, камерадагы, камерасыз), моделдеги, протекторунун быдыры ар бөлөк, тиштүү же тишсиз. Суукка туруктуу жана суукка туруксуз, жаңы жана кайра калыбына келтирилген дөңгөлөктөр орнотулган.
Кыймылдаткыч
6.1. Иштетилген газдагы зыяндуу заттардын болушу жана анын түтөн калышы 17.2.2.03-87 ГОСТу жана 21393-75 ГОСТУ менен белгиленген өлчөмдөрдөн ашат.
6.2. Май берүү системасынын герметикасынын бузулушу.
6.3. Иштетилген газды чыгаруу системасынын бузуктугу.
6.4. Картердин желдетүү системасынын жылчыксыздыгы бузулган.
Конструкциянын башка элементтери
7.1. Транспорт каражатынын конструкциясында каралган арткы жакты көрүүчү күзгүсү, айнегинин жок болушу.
7.2. Үн чыгаруучу сигналы иштебейт.
7.3. Жол кыймылынын катышуусунун жабыр тартуу коркунучун пайда кылуучу айдоочу отурган жерден алдыдагы жолду көрүүгө тоскоолдук кылуучу, айнектин тунуктугун начарлатуучу кошумча предметтердин орнотулушу же башка нерселер менен каптоо.
Эскертүү: Автомобилдин жана автобустун маңдайкы терезесинин жогорку бөлүгүнө түстүү тунук пленка чапталышы мүмкүн. Өндүрүштөн чыккан күңүрттөлгөн айнекти (күзгү айнектен башка) колдонууга уруксат берилет, анын жарык өткөрүүсү Тауметр ИИС-1 5727-88 ГОСТУнун талаптарына ылайык келет. Автобустардын терезесине парда, ошондой эле жеңил автомобилдердин эки тарабында тең арты көрүү күзгүсү бар болсо арткы терезеге жалюз жана парда тагууга уруксат берилет.
7.4. Кузовдун же кабинанын конструкцияда каралган кулпулары, жүк платформасынын бекиткичтери, цистернанын оозунун бекиткичи жана күйүүчү май багынын капкагы, айдоочунун отургучунун абалын жөнгө салуучу механизм, авариялык чыгуу жана аны аракетке келтирүүчү жабдуу, эшикти башкаруучу муунактар, спидометр, тахограф, уурдап кетүүгө каршы жабдуу, айнекти жылытуу жана үйлөө жабдуусу иштебейт.
7.5. Конструкцияда каралган арт жактан коргоочу жабдуу, баткакты чачыроодон сактоочу фартук жана калканычтар жок болгондо.
7.6. Сүйрөгүчтүн жана чиркегич звенонун сүйрөп – чиркөөчү жана таянып – чиркөөчү жабдуулары бузук, ошондой эле анын конструкциясында каралган коопсуздук тросу (чынжырлары жок же бузук), мотоциклдин рамасы менен анын капталдагы чиркегичинин рамасынын бириктиргичинде люфт бар.
7.7. Төмөнкүлөр такыр жок:
- автобустарда, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерде, дөңгөлөктүү тракторлордо медициналык аптечка, өрт өчүргүч, авариялык токтоо (жымындаган кызыл фонарь) белгиси;
- уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу автомобилдерде жана уруксат берилген максималдуу массасы 5 тоннадан ашык автобустарда – артка жылып кетүүгө каршы таянычтар (кеминде экөө);
- капталындагы чиркегичи бар мотоциклде – медициналык аптечка, өрт өчүргүч, авариялык токтоо (жымыңдаган кызыл фонарь) белгиси.
7.8. Оперативдүү жана атайын кызматтарга таандык болбогон транспорт каражаттарында жаркылдан туруучу маяктар, добушунун тону жана жарык графикалык схемасы өзгөрүп турган Р50574-2019 ГОСТунда каралган добуш чыгаруучу сигналдардын болушу.
7.9. Транспорт каражатынын конструкциясында орнотуу каралган болсо, коопсуздук тасмаларынын жоктугу.
7.10. Коопсуздук кемер иштебейт же анын айрыгы айкын көрүнүп турса.
7.11. Транспорт каражатынын каттоо белгиси стандарттын талаптарына жооп бербейт.
7.12. Мотоциклдерди конструкцияда каралган коопсуздук догосунун жоктугу.
7.13. Мотоцикл менен мопеддерде конструкцияда каралган ээрде отурган жүргүнчүлөр үчүн бут койгучтун жана туура таянычтын жоктугу.
7.14. Талап кылынышы ушул тизме менен жөнгө салынган конструкцияда каралган тормоз системасынын, рулдук башкаруунун жана башка түйүндөр менен агрегаттардын жоктугу же транспорт каражатын чыгарган ишкана же ага ыйгарым укугу бар башка уюмдар менен макулдашпастан алардын кошумча элементтеринин орнотулушу. )
7.15. Запас дөңгөлөктүн кармагычы, лебедка жана запас дөңгөлөктү көтөргүч-түшүргүч механизм иштебейт. Лебедканын храп түзүлүшү барабанды бекиткич канат менен бекитпейт.
7.16. Жарым чиркегичте тирөөч түзүлүш, тирөөчтөрдүн транспорттук абалынын фиксаторлору, тирөөчтөрдү көтөрүүчү жана түшүрүүчү механизмдер, ошондой эле жүк ташуучу автомобилдер жана автобустар үчүн 4 даана жана жеңил автомобилдер үчүн – 2 даана өзүнөн өзү жылып кетүүнү болтурбоочу түзүлүштөр (тамандар) жок же оң эмес.
7.17. Кыймылдаткычтын, ылдамдыкты которуу коробкасынын, борттук редукторлордун, арткы октун, чиркештирүүнүн, аккумулятордук батареянын, муздатуу жана абаны кондициялоо системаларынын жана транспорт каражатка кошумча орнотулчу гидравликалык түзүлүштөрдүн чыптамаларынын жана кошулган жерлеринин жылчыксыздыгы бузулган.
7.18. Азыктануунун газ системасы менен жабдылган автомобилдер менен автобустардын газ баллондорунун сырткы бетинде көрсөтүлгөн техникалык параметрлер техникалык паспорттогу маалыматтарга ылайык келбейт, акыркы жолку жана пландалган текшерүүнүн даталары көрсөтүлгөн эмес.
7.19. Маңдайкы айнекке, алдыңкы эшиктердин каптал терезелерине караңгылаштырчу кабык капталган же пардалар пайдаланылат, ошондой эле арткы каптал эшиктерде жана арткы айнектерде чагылдыруучу караңгылаштырган кабык пайдаланылат.”;