Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин
2-тиркемеси

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомунун редакциясына ылайык)

2.1. Коркунучтуу жүктөргө ташууда, жүк жүктө-түшүрүү жана сактоо иштерин аткарууда жарылууга, өрткө же транспорт каражатынын, кампалардын, жабдуулардын, имараттардын жана курулуштардын бузулушуна, ошондой эле адамдар менен жаныбарлардын өлүмүнө, жаракат алышына, ууланышына, күйүшүнө, нурлаауусуна же ооруп калуусуна себепчи болгон заттар жана предметтер (19433-74 ГОСТу боюнча) кирет.

2.2. Коркунучтуу жүктөр ташууга атайын эрежелерге же техникалык шарттарга ылайык ташылат.

2.3. Коркунучтуу жүк ташылып бараткан транспорт каражатын башкарууга айдоочу катары кеминде үч жылдык үзгүлтүксүз иш стажысы, тийиштүү категориядагы транспорт каражатын башкарууга укук берген күбөлүгү бар жана атайын даярдыктан же инструктаждан жана медициналык контролдон өткөн айдоочуларга уруксат берилет.

2.4. 2.1.1 пунктунда аталган документтерден тышкары коркунучтуу жүк ташыган айдоочунун жанында төмөнкүлөр болууга милдеттүү:

  • коркунучтуу маалымдоо системасынын авариялык карточкасы;
  • транспорт каражатына уруксат берүү жөнүндө күбөлүк;
  • жүк ташып өтүүнүн маршруту (автомобиль транспорту менен коркунучтуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Нускоого ылайык);
  • айдоочу жүк ташуунун эрежеси же техникалык шарттары менен таанышкандыгы жөнүндө күбөлүк.

КОРКУНУЧТУУ БЕЛГИЛЕР

С Х Е М А
19433-81 ГОСТУ боюнча классификациялоо

1. Жарылгыч заттар (ЖЗ)

2. Кысылган, суюлтулган жана басым астында эритилген газ (Г)

3. Тез тутануучу суюуктуктар (ТТС)

4. Тез тутануучу заттар жана материалдар (ТЗМ)

5. Кычкылдануучу заттар (КЗ) жана органикалык перекись (ОП)

6. Улуу (токсиндүү) заттар (УЗ)

7. Радиоактивдүү заттар (РЗ) жана жугуштуу заттар (ЖЗ)

8. Жегич жана дат бастыруучу заттар (ЖДЗ)

9. Башка коркунучтуу заттар (БКЗ)

Коркунучтуу жүктөр ташылган транспорт каражаттарын белгилөө үчүн маалыматтык таблица.

Коркунуч жөнүндөгү маалымат системасынын
МААЛЫМАТТЫК КАРТОЧКАСЫ

Коркунучтуу жүктөрдү ташуу

Коркунуч жөнүндө маалымдоо системасы

Транспорт каражатын белгилөө

1. Сууну колдонууга болбойт! Өрт өчүрүүчү кургак каражаттар колдонулат!

2. Ичке сызылып чыккан суу колдонулат.

3. Чачырап чыккан суу колдонулат.

4. Көбүк же курамында хладону бар заттар колдонулат

5. Бул заттардын агын сууларга же көлмөлөргө киришине жол берилбейт.

Ддем алуу аппараты жана коргоочу колкаптар зарыл.
Өөрттө дем алуу аппараты жана коргоочу колкаптар зарыл.
Ккоргоочу кийимдердин толук комплекти жана дем алуу аппараты зарыл.
Ээлдерди эвакуациялоо зарыл
+өрт же газ чыкканда КЭМ
++19433-74 ГОСТу боюнча коркунуч белгиси
+++N 00Н
Scroll to Top