
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТЫН АЯЛДАШЫ ЖАНА ТОКТОП ТУРУШУ
(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-октябрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
12.1. Транспорт каражаттарына жолдун оң тарабындагы четине, эгер андай жер болбосо жүрүүчү тилкенин четине токтоого жана токтоп турууга уруксат берилет.


Жолду сол тарабында кыймылды токтотуу жана токтоп туруу ортосунда трамвай жолу жок болгон ар бир багыт үчүн бир кыймыл тилкеси бар жолдордо жана бир тараптуу кыймылдагы жолдордо уруксат берилет (уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автомобилдерге бир тараптуу кыймылы бар жолдун сол тарабына жүктөө же түшүрүү үчүн токтоого гана уруксат берилет).


12.2. Транспорт каражатын жүрүүчү бөлүктүн четине параллель кылып бир катар токтотуп коюуга уруксат берилет, буга конфигурациясы (жүрүүчү бөлүктүн жергиликтүү кеңейиши) транспорт каражаттарынын башкача жайгашуусуна жол берген жерлер кирбейт. Капталындагы чиркегичи болбогон эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын эки катар токтоп коюуга жол берилет.


Жүрүүчү бөлүк менен чектешкен тротуардын четине унаа токтотууга (токтотуп турууга) бул жөө адамдардын кыймылына тоскоол болбогон шартта жеңил автомобилдерге, мотоциклдерге, мопеддерге, велосипеддерге жана жекече мобилдүүлүк каражаттарына гана уруксат берилет.

12.3. Калктуу конуштардан тышкары жерлерде узакка эс алуу, түнөө жана ушул сыяктуу максатта токтоп турууга бул үчүн каралган аянтчаларда же жолдон тышкары жерде гана уруксат берилет.

12.4. Транспорт каражаттарды токтоого жана токтоп турууга төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:
- эгерде трамвайдын кыймылына тоскоолдук кылса, трамвай жолдорунда, ошондой эле ага түздөн-түз жакын жерде;

- темир жол өткөөлдөрүндө, тоннелдерде
