ТЕМИР ЖОЛДОРДОН ӨТҮҮ

(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-октябрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)

15.1. Транспорт каражаттарынын айдоочулары темир жолдордон темир жол өткөөлдөрү аркылуу гана, поездге (локомотивге, дрезинага) жол бергенден кийин өтө алат.

15.2. Темир жол өткөөлүнө жакындап келген учурда айдоочу жол белгилеринин, светофорлордун, чийиндердин талаптарын, тосмонун абалын жана өткөөл боюнча кезметчинин көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алууга жана жакындап келаткан поезд (локомотив, дрезина) жоктугуна ынанууга тийиш.

15.3. Өткөөлгө төмөнкүдөй учурларда чыгууга тыюу салынат:

  • тосмо жабылып турганда же жабыла баштаганда (светофордун сигналына карабастан);
  • светофордун тыюу салган сигналы күйүп турганда (тосмонун абалына жана бар же жоктугуна карабастан);
  • өткөөл боюнча кезметчинин тыюу салган сигналынын учурунда (кезметчи жезлди, кызыл фонарды же байракты башынан жогору көтөрүп, же колдорун капталга сунуп айдоочуга көкүрөгүн же далысын салып турушу);
  • эгерде өткөөлдүн ары жагындагы транспорт каражаттары маталып турса жана ал айдоочуну өткөөлгө токтоого мажбурласа;
  • эгерде көзгө көрүнгөн жерде өткөөлгө поезд (локомотив, дрезина) жакындап келатса.

Ошондой эле төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • каршы багыттагы кыймыл тилкесине чыгуу менен өткөөлдүн алдында турган транспорт каражаттарын айланып өтүүгө;
  • тосмону өз алдынча ачууга;
  • айыл чарба, жол, курулуш жана башка машиналарын жана механизмдерин транспорттук эмес абалда өткөөл аркылуу ташып өтүүгө;
  • темир жол дистанциясынын начальнигинин уруксаты болмоюнча ылдамдыгы 8 км/сааттан аз болгон жай жүрүүчү машиналардын, ошондой эле трактордук сүйрөлүүчү чаналарды кыймылына.

15.4. Өткөөл аркылуу кыймылга тыюу салынган учурда айдоочу стоп-линиянын, 2.5. белгисинин же светофордун жанына, эгерде алар жок болсо – тосмого 5 метр жетпей, ал эми ал да жок болсо – жакынкы рельсага 10 метр жетпей токтоого тийиш.