ОЗУП ӨТҮҮ, КАЙЧЫ ӨТҮҮ

(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-октябрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)

11.1. Озуп өтүүдөн мурда айдоочу:

  • ал чыгууга ниеттенип жаткан кыймыл тилкеси озуп өтүү үчүн жетиштүү аралыкта бош экендигине жана бул маневр менен кары багытта келаткан жана бул тилке боюнча бараткан транспорт каражаттарына тоскоолдук түзбөй тургандыгына;
  • ушул эле тилкеде артта келаткан транспорт каражаты озо баштабагандыгына, ал эми алдыда бараткан транспорт каражаты озуп өтүү, солго бурулуу (башка тилкеге өтүү) жөнүндө сигнал бергендигине;
  • озуп өткөндөн кийин ал артта калып жаткан транспорт каражатына тоскоолдук кылбастан мурда ээлеген тилкесине кайрыла аларына;
  • калктуу конуштан тышкары жерде озуп өтүү ниети жөнүндө башка айдоочуларга эскертүү үчүн үн сигналын берүүгө жол бериле тургандыгына ынанууга тийиш.

11.2. Рельсасыз транспорт каражатын сол жагынан гана озуп өтүүгө болот. Айдоочусу солго бурулуу сигналын берип жана маневр жасоого киришкен транспорт каражатын оң тарабынан озуп өтүү керек.