
Кыймылды баштоо, маневр жасоо
(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
8.1. Кыймылды баштоо, башка катарга өтүү, бурулуу (артка кайрылуу) жана токтоо алдында айдоочу тиешелүү багытка бурулуунун жарык берүүчү көрсөткүчтөрүнүн сигналын берүүгө, ал эми ал жокто же бузук болсо – кол менен билдирет. Мында маневр коопсуз болууга жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук түзбөөгө тийиш.




Сунулуп турган сол кол же капталга сунулуп чыканактан тик бурч менен жогору караган оң кол солго (артка) бурулуу сигналын билдирет. Сунулуп турган оң кол же капталга сунулуп чыканактан тик бурч менен жогору караган сол кол оңго бурулуу сигналын билдирет. Тормоз берүү сигналы жогору көтөрүлгөн сол же оң кол менен берилет.

8.2. Сигналды бурулуу көрсөткүчү же кол менен берүү маневр башталганга чейин эртерээк жүргүзүлүүгө жана ал аяктар замат токтотулууга тийиш (кол менен сигнал берүү түздөн-түз маневрди баштаар алдында токтотулууга тийиш).


Мында сигнал кыймылдын башка катышуучуларын адаштырууга тийиш эмес.

Сигнал берүү айдоочуга артыкчылык бербейт жана аны коопсуздк чараларын көрүүдөн бошотпойт.

8.3. Жанаша жайгашкан аймактан жолго чыкканда айдоочу транспорт каражаттарына, жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жана ал аркылуу өтүп бара жаткан жөө адамдарга, ал эми жолдон чыгып баратканда жөө адамдарга, велосипедчилерге жана жүрүү үчүн кыймыл жолу кесип өткөн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол бошотууга тийиш.



8.4. Башка тилкеге өтүү учурунда айдоочу жанындагы тилкеде жогорку ылдамдыкта удаа багытта бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш. Удаалаш багытта келаткан транспорт каражаттары бир эле маалда башка тилкеге өткөн учурда айдоочу оң жактагы транспорт каражатына жол берүүгө тийиш.


8.5. Оңго, солго бурулуунун же артка кайрылуунун алдында айдоочу 2.4 же 2.5 белгилери менен айкалышкан 4.3 белгиси орнотулган айланма кыймылы уюштурулган кесилишке чыгууда бурулган учурдан тышкары, ушул багыт боюнча жүрүү үчүн арналган жүрүүчү бөлүктөгү тиешелүү четки абалды алдын ала ээлөөгө милдеттүү – транспорт каражатынын айдоочусу ушул кесилиш боюнча жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.


Сол жакта жүрүүчү бөлүк менен бир деңгээлде жайгашкан удаалаш багыттагы трамвай жолу бар болсо, эгерде 5.15.1 же 5.15.2 белгилери менен кыймылдын башка тартиби белгиленбесе, андан солго бурулууга жана артка кайрылууга жол берилет. Мында трамвайга тоскоолдук кылынууга тийиш эмес.


8.6. Жолдордун кесилишинен чыккан транспорт каражаты каршы багыттагы тарапка барып калбагыдай болуп бурулууга тийиш.
Оңго бурулган учурда транспорт каражаты мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын жүрүүгө тийиш.


8.7. Эгерде транспорт каражаты өзүнүн габариттеринен улам же башка себептер боюнча Эрежелердин 8.5-пунктунун талаптарын аткаруу менен бурула албаса, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылган шартта жана эгерде бул башка транспорт каражаттарына тоскоолдук кылбаса бул эрежеден четтөөгө жол берилет.

8.8. Кесилишкен тышкары жерде солго бурулганда же артка кайрылганда рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу каршы багытта келаткан транспорт каражаттарына жана удаалаш багыттагы трамвайга жол берүүгө милдеттүү.

Эгерде 1.1. жана 1.3. белгилер жок болсо, кесилиштен тышкаркы жерде артка кайрылуу учурунда жүрүүчү бөлүктүн туурасы маневрди солдогу четки тилкеден аткаруу үчүн жетишсиз болсо, ага жүрүүчү бөлүктүн оң четинен (жолдун четинен) баштап бурулууга жол берилет. Мындай айдоочу удаалаш бараткан жана каршы багыттагы транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш.


Транспорт каражаттарынын кыймыл траекториялары кесилишкен, ал эми өтүүнүн кезеги Эрежелерде айтылбаган учурда айдоочу оң жагындагы транспорт каражатына жол берүүгө тийиш.

8.10. Тормоз берүү тилкеси бар болгон учурда токтоого же оңго бурулууга ниеттенип жаткан айдоочу бул тилкеге өз учурунда чыгууга жана ал жерде гана ылдамдыкты азайтууга тийиш.

Жолго чыккан жерде күүлөнө турган тилке бар болсо, айдоочу ал аркылуу жүрүүгө жана жанындагы тилкеге чыгууга тийиш, мында бул жолдо келаткан транспорт каражаттарына жол берет.

8.11. Төмөнкүдөй жерлерде артка кайрылууга тыюу салынат:
- жөө адам өткөөлүндө;

- тоннелде;

- көпүрөдө, жолдордун кесилиштеринде, эстакадаларда жана алардын алдында;

- темир жол өткөөлдөрүндө;

- жолдун бир жак багыты болсо да 100 метрден аз жери көрүнүп турган жерлерде;

- токтоочу пункттар жайгашкан жерлерде.

8.12. Транспорт каражатынын артка карай жүрүшү коопсуз болгон жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук кылбаган учурда мындай маневрге уруксат берилет. Зарылчылык болгон учурда айдоочу башка адамдардын жардамына кайрыла алат.



Кесилиштерде жана Эрежелердин 8.11-пунктуна ылайык артка кайрылууга тыюу салынган жерлерде артка айдоого тыюу салынат.

- жөө адам өткөөлүндө;

Эскертүү: 5.5 белгиси менен белгиленген «Бир тараптуу кыймыл» жолдорунда артка кайтуу кыймылы тыюу салынбайт. Бирок кыймылдын жолунда жөө адам өткөөлү бар, анда артка кайтуу кыймылы тыюу салынган (п. 8.12), ошондуктан айдоочуга жолдун бул бөлүгүндө жөө адам өткөөлүгө чейин гана артка кайтуу кыймылын жасоого уруксат берилет.
- тоннелде;

- көпүрөдө, жолдордун кесилиштеринде, эстакадаларда жана алардын алдында;

- темир жол өткөөлдөрүндө;

- жолдун бир жак багыты болсо да 100 метрден аз жери көрүнүп турган жерлерде;

- токтоочу пункттар жайгашкан жерлерде.

