Жүргүнчүлөрдүн милдеттери

(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)

5.1. Автобусту, троллейбусту, трамвайды, таксини күтүүгө болгону отуруучу жайларда уруксат берилет, ал эми алар болбогон учурда жол жээгинде же тротуарда күтүүгө болот.

Эскертүү: Берилген эрежелердин 5.1-пунктунун абзацтарынын саны, расмий тилдеги тексттин 5.1-пунктунун абзацтарынын санына дал келбейт.

5.2. Жүргүнчүлөрдү транспорт каражатына отургузуу жана андан түшүрүү ал толук токтогондон кийин гана тротуар же жолдун жээги тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде тротуар же жолдун жээги тараптан отургузуу жана жерге түшүрүү мүмкүн болбосо, ал жүрүүчү бөлүк тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн, мында бул коопсуз болууга жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук кылбоого тийиш.

5.3. Жүргүнчүлөргө төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • транспорт каражаты жүрүп бараткан учурда айдоочуну аны башкаруудан алагды кылууга;
  • борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилде баратканда бортко же борттон ашкан жүктүн үстүнө турууга, отурууга;
  • транспорт каражаты жүрүп бара жаткан учурда анын эшиктерин ачууга, ошондой эле терезе тешиктеринен жана люктарынан чыгып турууга;
  • жөнгө салуучулар же ички иштер органдарынын кызматкерлери сутканын караңгы мезгилинде транспорт каражатты токтоткон учурда кызматкердин негизсиз болушу мүмкүн деп болжолдонгон аракеттерин далилдөө үчүн автомобилден айдоочу менен кошо чыгууга. Мында жүргүнчүлөр милиция кызматкерине өзүнүн функциялык милдеттерин аткарууга жолтоо кылбоого тийиш;
  • жасаган заводдо караштырылган коопсуздук курун арчынданбастан жүрүп бараткан автомобилде болууга;
  • мотоциклде, мопедде мотоцикл шлемин курчанбоого же ансыз болууга;
  • транспорт каражатынын ичинде болгон учурда, коомду жана кыймылдын башка катышуучуларын сыйлабай тургандыгын ачык-айкын көрсөтүү менен коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын атайын жана көз көрүнөө бузуу.

Эскертүү: Берилген эрежелердин 5-бөлүмүнүн пунттарынын саны, расмий тилдеги тексттин пнуттарынын санына дал келбейт.

Scroll to Top