ЖӨӨ АДАМДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-октябрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)

4.1. Жөө адамдар тротуар же жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдор менен, ал эми булар жок болгон учурда жолдун чети менен басууга тийиш. Көлөмдүү буюмдарды ташып же көтөрүп бараткан жөө адамдар, ошондой эле майыптар коляскасында бараткан адамдар, эгерде алардын тротуар же жолдун чети боюнча кыймылы башка жөө адамдар үчүн тоскоолдук жаратса, анда алар жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой жүрө алат.

Тротуарлар, жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдору же жол чети жок болсо, ошондой эле алар менен жүрүүгө мүмкүн болбосо, анда жөө адамдар велосипед жолдору боюнча же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой (ажыратуучу тилкеси бар жолдордо – жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн тышкы чети боюнча) бир катар баса алат. Мындай учурда велосипед жолдору менен баратканда, ошондой эле мындай жолдорду кесип өткөндө жөө адамдар велосипедчендерге жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдарга жол берүүгө тийиш.

Жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой баратканда жөө адамдар транспорт каражаттарынын кыймылына утурлап басууга тийиш. Майыптар коляскасында бараткандар, мотоцикл, мопед айдап, велосипед тээп, жекече мобилдүүлүк каражаты менен бараткандар, мындай учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын жүрүшү боюнча жылууга тийиш.

Сутканын караңгы мезгилинде же көрүү чектелген шарттарда жөө адамдарга жолду кесип өтүүдө жана жолдун чети же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой басууда сунуш кылынат, ал эми калктуу конуштардан тышкары жерлерде жөө адамдар жарыкты чагылдыруучу элементтери бар предметтерди алып жүрүүгө жана транспорт каражаттарынын айдоочуларынын бул предметтерди көрүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.

4.2. Жүрүүчү бөлүк боюнча уюшулган жөө колоннага транспорт каражаттарынын кыймылынын багыты боюнча гана оң тарап менен бир катарда төрт адамдан ашпастан басууга уруксат берилет. Колоннанын алдында жана артында кызыл желекчеси бар, ал эми караңгы учурда жана жол начар көрүнгөн шартта: алдыда – ак түстөгү, артта – кызыл түстөгү күйгүзүлгөн фонарлары бар коштоочулар болууга тийиш.

Балдардын топторун тротуарлар же жөөчөндөр жолдору боюнча гана, ал эми алар жокто – жолдун жээги боюнча, бирок күн жарыкта жана чоң кишилердин коштоосу менен алып жүрүүгө уруксат берилет.

4.3. Жөө адамдар жолду жөө адамдар өтүүчү, анын ичинде жер астындагы жана жер үстүндөгү өткөөлдөр боюнча, ал эми алар жок болгон учурда – тротуарлардын же жол жээктеринин сызыгы боюнча кесилиштерде жолдон өтүүгө тийиш.

Жөнгө салынуучу кесилиште жолдун кесилишинин карама-каршы бурчтарынын ортосунда (диагональ боюнча) ушундай жөө адамдар өтүүчү өткөөлдү билдирген 1.14.3 белгиси болгондо гана өтүүгө жол берилет.

Көз