
Жалпы жоболор
(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
1.1. Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелери(*) (мындан ары – Эрежелер) айрыкча мүнөздүү жол кырдаалдарында көп жылдык практиканын негизинде иштелип чыккан жол кыймылына катышуучулардын жүрүм-турумдарынын комплекстүү чагылдырылышы.
Эрежелердин максаты – кургак жердеги транспорт жана жол кыймылынын башка катышуучулары жолдорду пайдалануусунун бирдей тартибин белгилөө.
Эрежелердин негизин төмөнкүдөй укуктар түзөт:
- адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна укук;
- жолдордун комплекси, транспорт каражаттар жана материалдык баалуулуктар сакталышына укук;
- мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоого укук;
- Жол кыймылынын катышуучулардын Эрежелерди сакташын контролдоо укугу.
Бул Эрежелер жол кыймылынын бирдей тартибин, анын катышуучуларынын жана ички иштер органдарынын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагында атайын контролдоочу, көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функцияларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин өз ара мамилелерин белгилейт. Жол кыймылына тиешелүү башка нормативдик укуктук актылар, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ушул Эрежелердин талаптарына негизделүүгө жана аларга каршы келбөөгө тийиш.
1.2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
“Автомагистраль” – автотранспорт каражаттарынын ылдам жүрүшү үчүн арналган, ар бир багыт үчүн экиден кем эмес кыймыл тилкеси бар, бири-биринен бөлүүчү тилке менен ажыратылган (ал жок болсо – жолдун тосмосу менен), башка жолдор менен, темир жол же трамвай жолдор, жөө адам үчүн же велосипед үчүн жолдор менен бир деңгээлде кесилишпеген, 5.1(**) белгиси менен белгиленген, өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогору жол.

5.1
“Авариялык кырдаал” – жол кыймылынын процессинде кыймылдын катышуучуларынын аракеттери же аракетсиздиги жол-транспорт кырсыгынын келип чыгуу коркунучун жараткан кырдаал.

“Автопоезд” – чиркегич (чиркегичтер) чиркелген механикалык транспорт каражаты.

“Жол кыймылынын коопсуздугу” – жол кыймылына катышуучулардын жана мамлекеттин жол-транспорт кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен корголуу даражасын чагылдыруучу жол кыймылынын абалы.
“Коопсуз дистанция” – ошол эле тилкеде алдыда бара жаткан транспорт каражатына чейинки, ал күтүүсүз тормоз берген же токтогон учурда артта келе жаткан транспорт каражатынын айдоочусуна шашылыш тормоз бербестен кагылышууну болтурбоого мүмкүндүк берүүчү аралык.

“Коопсуз интервал” – жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынын же алар менен башка объекттердин каптал бөлүктөрүнүн арасындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу аралык.

“Коопсуз ылдамдык” – айдоочу транспорт каражатын коопсуз башкарууга жана конкреттүү жол шарттарында анын кыймылын контролдоого мүмкүндүк алуучу ылдамдык.

“Буксирлөө” – бир транспорт каражаты менен экинчи транспорт каражатын катуу же ийилчээк илгич менен же бир бөлүгүн платформага же атайын таяныч түзүлүшкө жүктөө ыкмасы менен сүйрөө, бул транспорттук составдарды эксплуатациялоого кирбейт.

“Велосипед” – майыптар коляскаларынан тышкары эки же андан ашык дөңгөлөгү бар жана анда отурган адамдын булчуң күчү менен кыймылга келүүчү транспорт каражаты.

“Велосипед жолу” – жол жүрүүчү бөлүктөн жана тротуардан конструкциялык жактан бөлүнгөн, велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына арналган жана 4.4.1 белгиси менен белгиленген жолдун элементи (же өзүнчө жол).

4.4.1
“Велосипед зонасы” – башталышы жана аягы тиешелүү 5.33.1 жана 5.34.1 белгилери менен белгиленген, велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын кыймылына арналган аймак.

5.33.1

5.34.1
“Көрүнөөлүк” – айдоочунун ордунан жолдун элементтеринин чектерин жана кыймылдын катышуучуларынын жайгашкан жерлерин так көрүүгө мүмкүн болуучу максималдуу аралык, бул айдоочуга транспорт каражатын башкаруу учурунда коопсуз ылдамдыкты тандоо жана коопсуз маневр жасоо үчүн багыт алууга мүмкүндүк берет.



“Транспорт каражатынын ээси” – балансында транспорт каражаты бар юридикалык жак болуп саналган уюм же транспорт каражатына менчик укугу бар жеке адам.

“Айдоочу” – кандайдыр бир транспортту башкарган, жолдо жүк ташуучу, минүүчү жаныбарды же малды айдап бараткан адам. Айдоону үйрөтүп жаткан адам айдоочуга теңештирилет.
“Аргасыздан токтоо” – транспорт каражатынын техникалык жактан бузулушунан же ташылып жаткан жүк жараткан коркунучтан, айдоочунун (жүргүнчүнүн) абалынан же жолдо тоскоолдук пайда болушунан улам кыймылдын токтотулушу.

“Башкы жол” – кесип өткөн (кошулган) жолго карата 2.1, 2.3.1-2.3.7 же 5.1-белгилери менен көрсөтүлгөн жол же топурак жолго салыштырмалуу катуу кыртыштуу (асфальт- жана цемент бетон, таш материалдар жана ушул сыяктуулар) жол же жанаша жайгашкан аймактардан чыккан жолдорго карата кандай болбосун жол. Түздөн-түз кесилиштеги участоктун алдындагы экинчи даражадагы жолдун төшөлмө капталышы аны мааниси боюнча кесилишип жаткан жолго карата теңдеш кылбайт.

2.1

2.3.1

2.3.2

2.3.3

2.3.4

2.3.5

2.3.6

2.3.7

5.1
“Тоодогу жолдор” – жүрүүнүн коопсуздугуна таасир этүүчү техникалык мүнөздөмөлөрү менен түз жолдордон айырмаланган жолдор: деңиз деңгээлинен орчундуу бийиктиги, кыйла тик эңкейиштер, чукул радиустагы бурулуштары, серпантини, горизонталдык участоктордун кыскалыгы, бүтөлүп калуу, суу жеп кетүү, таш кулоо, кар көчкү жүрүү мүмкүндүгү, жолго жакын жарлар ж.б.; аба ырайынын шартынын тез өзгөрүшүнүн спецификасы (жаан, кар, суу ташкыны, туман ж.б.).

“Жүк ташуучу автомобиль” – конструкциясы жана жабдуулары боюнча жүктөрдү ташууга арналган автомобиль.

“Араба (чана)” – жаныбарлар чегилип кыймылга келүүчү транспорт каражаты.

“Кызмат адамдары” – өзүнө кызматтан көз каранды эмес адамдарга карата туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тескөө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган же мындай укук берилген адамдар, мамлекеттик органдарда уюштуруу-тескөө же административдик-чарбалык функцияларды аткарган адамдарга тете.

“Жол” – транспорт каражатынын кыймылы үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жана пайдаланылган жер тилкеси же жасалма курулуштун үстүнкү бети. Жол өзүнө бир же бир нече жүрүүчү бөлүктөрдү, ошондой эле трамвай жолдорун, тратуарларды, жол жээгин жана алар болгон учурда аларды бөлүштүрүүчү сызыктарды камтыйт.


“Жолдогу кырдаал” – жолдун шарттары, жолдун белгилүү участогунда тоскоолдуктардын болушу, жол кыймылынын интенсивдүүлүгү жана уюштурулуш деңгээли (жол бетиндеги чийиндердин, жол белгилеринин, жол жабдууларынын, светофорлордун болушу жана алардын абалы) менен мүнөздөлүүчү факторлордун жыйындысы, айдоочу ылдамдыкты, жүрүү тилкесин жана транспорт каражатын башкаруу ыкмасын тандоодо ушуларды эске алууга тийиш.
“Жол-транспорт кырсыгы” – транспорт каражатынын жол кыймылынын процессинде жана анын катышуусу менен келип чыккан, адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна, транспорт каражатынын, жүктүн, курулуштун бузулушуна же материалдык зыянга алып келген окуя.

“Жол кыймылы” – жолдордун бетинде транспорт каражаттарынын жардамы менен же аларсыз адамдарды жана жүктөрдү ташуу процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелердин жыйындысы.
“Жол шарттары” – кыймыл багытында көрүнүүнү жолдун жүрүү бөлүгүнүн абалын (тазалыгын, тегиздигин, бүдүрлүүлүгүн, кармашын), ошондой эле анын кеңдигин, түшүүлөрдөгү жана көтөрүлүүлөрдөгү эңкейиштердин чоңдугун, бурулуштарды жана тегеректөөлөрдү, тротуарлардын жана жолдун четинин, жол кыймылын уюштуруучу каражаттардын болушун жана алардын абалын мүнөздөгөн (жыл мезгилин, сутканын мезгилин, атмосфералык кубулуштарды, жолдун жарыктандыруусун эске алуу менен) факторлордун жыйындысы.
“Темир жол өткөөлү” – жолдун темир жол менен бир деңгээлде кесилишкен жери.

“Турак жай зона” – калктуу конуштагы 5.21 жана 5.22 белгилери менен белгиленген аймак.

5.21

5.22
“Жасалма курулмалар” – жолдор дарыялар, жарлар, тоо кыркалары, жолдор жана башка тоскоолдуктар менен кесилишкенде жасалуучу, кардан, кулоолордон тосуучу курулмалар. Автомобиль жолдорундагы негизги жасалма курулмалар: көпүрөлөр, кабат жолдор, тоннелдер, эстакадалар, түтүктөр, сууну агызуучу түзүлүштөр, галереялар, тирөөчү дубалдар ж.б.




“Жүрүүчү бөлүктүн чети” – белгилөө линиясы менен, ал жок болсо – жол бетинин жээги менен өткөн, ошондой эле жүрүүчү бөлүк трамвай жолу менен кошулган жерде шарттуу линия менен аныкталат. Жол бетинин жээгин, анын ичинде жол шарттары боюнча аныктоого мүмкүн эмес болсо, жүрүүчү бөлүктүн четин айдоочу өзү тапталган тилкенин чети боюнча аныктайт.

“Жүрүүчү бөлүктөгү четки абал” – транспорт каражатынын жүрүүчү бөлүктүн четинен жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге карата абалы, бул удаалаш бараткан транспорт каражатына (анын ичинде эки дөңгөлөктүү транспорт каражатына) жүрүүчү бөлүктүн четине, жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге андан да жакыныраак жүрүүгө мүмкүндүк бербейт.

“Жеңил автомобиль” – уруксат берилген максималдуу массасы 3500 (үч миң беш жүз) кг ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары отуруучу орундардын саны сегизден ашпаган, конструкциясы жана жабдылышы боюнча зарыл болгон ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыздоо менен жүргүнчүлөрдү жана алардын жүктөрүн ташууга арналган транспорт каражаты.

“Маневр жасоо” – транспорт каражатынын жүрүп башташы, токтошу, токтоп турушу, бурулушу (кайрылышы), орун которуусу, тормоз бериши жана артка жүрүшү.








“Маршруттук транспорт каражаты” – жолдор аркылуу адамдарды ташууга арналган жана белгиленген токтоочу пункттары (аялдамасы) бар белгиленген багыт боюнча жүргөн жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты (автобус, троллейбус, трамвай, маршруттук такси).
“Механикалык транспорт каражаты” – мопедден тышкары кыймылдаткыч менен жүрүүчү транспорт каражаты. Термин ошондой эле ар кандай тракторлорго жана өзү жүрүүчү машиналарга жайылтылат.
“Тундук” мобилдик тиркемеси – Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо.

“Мопед” – 50 куб. см ашпаган жумушчу көлөмүндө кыймылдаткыч менен кыймылга келүүчү жана максималдуу конструкциялык ылдамдыгы саатына 50 км ашпаган эки же үч дөңгөлөктүү транспорт каражаты. Орнотулуучу кыймылдаткычы бар велосипеддер жана ушундай мүнөздөмөсү бар башка транспорт каражаттары мопедге теңештирилет.

“Көпүрө” – дарыя, жар жана башка тоскоолдуктар аркылуу өтүүгө арналган курулма, анын чектери өткөрүүчү курулмалардын башталышы жана аягы болуп эсептелет.

“Мотоцикл” – капталында чиркегичи бар же анысы жок болгон эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты. Жүктөлгөн абалда массасы 400 кг ашпаган үч же төрт дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаттары мотоциклдерге теңештирилет.

“Калктуу конуш” – курулуштары бар аймак, ага кире бериште жана андан чыккан жолдор 5.23.1, 5.23.2, 5.24.1, 5.24.2, 5.25, 5.26 белгилери менен белгиленген.

5.23.1

5.23.2

5.24.1

5.24.2

5.25

5.26
“Начар көрүнүү” – туманда, жамгыр, кар жааганда жана ушуга окшош шарттарда, ошондой эле күүгүмдө алдыдагы жолдун 300 м ары көрүнбөшү.


“Кулоо” – тик беттерден таштардын, шагылдын жана асканын чоң бөлүктөрүнүн күтүүсүз кулап түшүүсү.


“Ашып өтүү” – жүрүп бара жаткан бир же бир нече транспорт каражатын башка транспорт каражаты ээлеген тилкесинен чыгуу менен, анын ичинде каршы тилкеге чыгуу менен ашып өтүшү.


“Жолдун чети” – жолдун түздөн-түз жүрүүчү бөлүгүнө туташ, аны менен бир деңгээлдеги, бетинин капталышы боюнча айырмаланган же 1.2.1 чийиндин жардамы менен бөлүнгөн элементи. Жолдун чети транспорт каражаттарынын аялдамасы жана токтотулушу, жөө адамдардын, мопеддердин, велосипеддердин жана жекече мобилдүүлүк каражаттарынын (тротуарлар, жөө адам, велосипед жолдору жок же алар менен жүрүү мүмкүн эмес болгон учурда), арабалар (чаналар) жүрүшү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

“Айдоого үйрөтүүчү” – билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жана тиешелүү категориялардагы жана кичи категориялардагы транспорт каражаттарынын айдоочуларын кесиптик окутуунун негизги программаларын ишке ашыруучу уюмдун педагогикалык кызматкери.
“Айдоону үйрөнүүчү” – билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жана тиешелүү категориялардагы жана кичи категориялардагы транспорт каражаттарынын айдоочуларын кесиптик окутуунун негизги программаларын ишке ашыруучу уюмдарда белгиленген тартипте тиешелүү кесиптик окутуудан өтүүчү адам.

“Көрүүнүн чектелиши” – бараткан багыттагы жол кыймылынын жолдун геометриялык параметрлери, жол боюндагы инженердик курулмалар, өсүмдүктөр жана башка объекттер, ошондой эле транспорт каражаттар менен чектелген көрүнүшү.


“Жүрүүдөгү кооптуулук” – жол кыймылынын процессинде пайда болуп, ошол багытта ошол ылдамдык менен жүрүүнү андан ары улантуу жол-транспорт кырсыгынын келип чыгышына коркунуч жараткан кырдаал.


“Кооптуу жүк” – касиеттерине байланыштуу ташууда адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтириши, материалдык баалуулуктарды бузушу же жок кылышы мүмкүн болгон заттар, алардан жасалган буюмдар, өндүрүштүк же башка чарбалык иштин калдыктары.

“Озуп өтүү” – транспорт каражатынын жанаша тилкелер боюнча удаалаш бараткан транспорт каражаттарынын ылдамдыгынан ашык ылдамдык менен жүрүшү.опутных транспортных средств, движущихся рядом по смежным полосам.

“Уюшулган жөө колонна” – жол боюнча чогуу бир багытта бара жаткан, ушул Эрежелердин 4.2-пунктуна ылайык белгиленген адамдардын тобу.

“Жол кыймылын уюштуруу” – жолдордогу кыймылды башкаруу боюнча уюштуруучулук-техникалык жана тескөөчү иш-аракеттердин комплекси.

“Уюшулган транспорттук колонна” – жаркылдаган көк түстөгү же айкалышкан көк жана кызыл түстөгү атайын өчүп-күйгөн жарыгы бар эң алдыдагы транспорт каражатынын коштоосунда дайыма күйгүзүлгөн жарыктары менен бир гана тилкеде түздөн-түз биринин артынан бири бараткан үч же андан ашык механикалык транспорт каражаттарынын тобу.

“Токтоо” – транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөткө чейинки убакытка, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү үчүн, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү зарыл болгондо андан узак убакытта атайылап токтотуу.


“Көзгө чагылышуу” – көзгө жарыктын тийишинен улам айдоочу минималдуу аралыктагы жол элементтеринин тоскоолдуктарын көрүүгө же таанууга объективдүү мүмкүн болбой калган физиологиялык абал.


“Жүргүнчү” – транспорт каражатында айдоочудан башка адам, ошондой эле транспорт каражатына кирген (отурган) же транспорт каражатынан чыгып (түшүп) жаткан адам, анын ичинде айдоочунун жардамы менен атайын пандус боюнча.

“Кесилиш” – жолдор бир деңгээлде кесилишкен, кошулган же айрылышкан, боолголонгон сызыктар менен чектелип, жүрүүчү бөлүктүн бурулушунда башталышынын кесилишинин борборунан кыйла алыс тиешелүү түрдө карама-каршы жайгашкан жолду бириктирген жер. Жол боюндагы аймактардан кошулган жолдор кесилиш деп аталбайт.




“Кайра жабдуу (транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү)” – транспорт каражаты жүгүртүүгө чыгарылгандан кийин аткарылган жана жол кыймылынын коопсуздугуна таасирин тийгизген конкреттүү транспорт каражатынын конструкциясында каралган курамдык бөлүктөрдү жана жабдуулардын предметтерин алып салуу же каралбагандарды орнотуу.


“Жолдордун кесилиши” – автомобилдик жолдордун түйүнү, анда бири-бирине кошулган жолдор үзүлүп калбайт жана алардын ар бири боюнча аралап өтүү мүмкүндүгү бар.

“Башка катарга өтүү” – бараткан баштапкы багытты сактоо менен ээлеп турган тилкеден же катардан чыгуу.

“Жөө адам” – транспорт каражатынан тышкары жолдо же болбосо жөө же веложөө адамдар өтүүчү жолдо жүргөн жана анда иш жүргүзбөгөн адам. Майыптардын коляскасында бараткан, жекече мобилдүүлүк каражаттарын, велосипед, мопед, мотоцикл айдаган, чана, араба, балдар же майыптар коляскасын сүйрөгөн, ошондой эле жүрүү үчүн ролик конькилерди, самокаттарды жана башка ушул сыяктуу каражаттарды колдонгон адамдар жөө адамга теңештирилет.

“Жөө адам жолу” – 4.5.1 белгиси менен белгиленген, жөө адам жүрүшү үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жер тилкеси же жасалма курулманын бети.

4.5.1
“Жөө адам жүрүүчү зона” – башталышы жана аягы тиешелүү 5.33 жана 5.34 белгилери менен белгиленген, жөө адамдардын кыймылы үчүн арналган атайын бөлүнгөн, ыңгайлаштырылган аймак (парктар, гүл бакчалар ж.б.).

5.33

5.34
“Жөө адам жана велосипед жолу (веложөө адамдар жүрүүчү жол)” – велосипедчилердин жана жүрүү үчүн жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын жөө адамдар менен өзүнчө же биргелешкен кыймылына арналган жана 4.5.2-4.5.7 белгилери менен белгиленген жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн конструктивдүү бөлүнгөн элементи (же өзүнчө жол).

4.5.2

4.5.3

4.5.4

4.5.5

4.5.6

4.5.7
“Жөө адам өткөөлү” – 5.19.1, 5.19.2 белгилери жана (же) 1.14.1-1.14.3(***) чийини менен белгиленген жана жөө адамдар жолдон жөө өтүү үчүн белгиленип көрсөтүлгөн жүрүүчү бөлүктүн участогу. Чийин жок болгон учурда жөө адамдын өткөөлүнүн туурасы 5.19.1 жана 5.19.2 белгилеринин ортосундагы аралык менен аныкталат.

5.19.1

5.19.2
“Үйлөтмө коопсуздук жаздыгы” – жол-транспорт кырсыгы болгон учурда автомобилде айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү өз ордунда сактап калуучу түзүлүш, ал дароо токтогондо баллондон же газдын генераторунан газ менен бат толтурулуучу атайын каптан турат.

“Кыймыл тилкеси” – жүрүүчү бөлүктүн узатасынан кеткен тилкелеринин ар бири, алар чийин менен белгиленет же белгиленбейт жана туурасы автомобилдердин бир катар кыймылы үчүн жетиштүү болот.


“Велосипедчилер үчүн тилке” – жүрүүчү бөлүктүн калган бөлүгүнөн горизонталдык чийин менен бөлүнгөн жана 5.14.2 белгиси менен белгиленген, велосипеддер жүрүүгө арналган жүрүүчү бөлүктүн тилкеси.

5.14.2

“Артыкчылык (приоритет)” – кыймылдын башка катышуучуларына караганда белгиленген багытта биринчи кезекте жүрүү укугу.

“Жүрүүгө тоскоол” – жүрүүчү бөлүктүн ошол тилкеси же жолдун бүткүл бети боюнча андан ары жүрүүнү кыйындаткан же мүмкүндүк болбогон кандай болбосун материалдык объект.



“Жанаша жайгашкан аймак” – түздөн-түз жол боюнда жайгашкан жана транспорт каражаттары кесип өтүшүнө арналбаган аймак (короолор, турак жай массивдери, автомобиль токтоп туруучу жай, МКС, ишканалар жана башкалар).


“Чиркегич” – кыймылдаткыч менен жабдылбаган жана механикалык транспорт каражатынын курамында жүрүүгө арналган транспорт каражаты. Бул термин жарым-жартылай жүктөлүүчү жана өзүнчө сүйрөлүүчү чиркегичтерге да жайылтылат.


“Жүрүүчү бөлүк” – рельси жок транспорт каражаттар жүрүшү үчүн арналган жолдун элементи.

“Аварияга каршы бурулуш” – транспорт каражатынын тормоздук түзүлүштөрү иштебей калган учурда жүрүүгө тоскоолдукту (өйдөлүштү) көбөйтүү менен мажбурлап токтотууга арналган үстү жумшак материал (кум, шагыл) менен капталган, ылдыйыштын чегинде же аягында жайгашкан жолго катарлаш туюк участок.


“Өткөөл жолдор” – башка жол (темир жол) менен кесилишкен жерде ал боюнча ар кыл деңгээлдерде жүрүүнү камсыздоочу жана башка жолго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү, көпүрө тибиндеги инженердик курулма.

“Ажыратуучу тилке” – конструкциялык жана (же) 1.2 чийининин жардамы менен бөлүнгөн, чектеш жүрүүчү бөлүктөрдү, жүрүүчү бөлүктү бөлүп турган же болбосо маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкелерди жана (же) велосипедчилер үчүн тилкелерди бир жүрүүчү бөлүктүн чегинде калган кыймыл тилкелеринен бөлүп турган жана транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылы үчүн арналбаган жолдун элементи.

“Уруксат берилген максималдуу масса” – жүк, айдоочу жана жүргүнчүлөр менен жабдылган транспорт каражатынын массасы, аны максималдуу жол берилген массасы катарында даярдоочу ишкана белгилейт. Курамга кирген транспорт каражатынын уруксат берилген максималдуу массаларынын суммасы транспорт каражаттарынын курамынын, башкача айтканда бир бүтүн катары чиркелишкен жана кыймылдагы курамдын уруксат берилген максималдуу массасы катары каралат.

“Жөнгө салуучу” – тиешелүү күбөлүгү жана экипировкасы (формалык кийими же айырмалоочу белгиси – билекке таңылган тасма, таякчасы, кызыл сигналы же жарык чыгаргычы бар дискасы, кызыл фонары же желекчеси) бар ички иштер органдарынын, аскер автоинспекциясынын кызматкери, жол-эксплуатациялоо кызматынын жумушчусу, темир жол өткөөлүндөгү, паром өткөөлүндөгү кезметчи, кошуундун адамы, ички иштер органдарынын штаттан тышкаркы кызматкери.

“Рельсте жүрүүчү транспорт каражаты” – трамвай жана трамвайдын жолу менен жүрүүчү атайын жабдылган платформалар. Жол кыймылына катышкан бардык башка транспорт каражаттары рельси жок деп эсептелет.

“Коопсуздук куру” – жол-транспорт кырсыгында айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражатынын ичиндеги өз орундарында кармоого арналган ийкемдүү тасма.

“Жарыкты чагылдыргыч” – жарык нурларды чагылдыргыч, ал тийген жарыктын нурларын кайтарым багытта чагылдырганы менен өзгөчөлөнөт.

“Светофор” – жол кыймылын жөнгө салууга арналган жарык менен сигнал берүүчү түзүлүш.

“Жекече мобилдүүлүк каражаты” – кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жекече жүрүүсүнө арналган, бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар транспорт каражаты (электр самокаттар, электр скейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар).

“Токтоп туруу” – жүргүнчүлөрдү транспорт каражатына отургузуу же түшүрүү, же болбосо жүк жүктөө же түшүрүү менен байланышпаган себептер боюнча транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөттөн ашык убакытка атайылап токтотуу.

“Такси” – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга таандык, “Такси” деген таануучу белгиси бар транспорт каражаттары. “Такси” таанытуучу белгиси “Т” деген баш тамгасы жана ичинен жарык күйгүзүлгөн чакмак белгилери бар трапеция түрүндө болуп, автомобилдин үстүнө биротоло же магнит менен орнотулат. Майыптыгы бар адамдарды ташуу үчүн такси пандус жана майыптар коляскасын жайгаштыруу үчүн аянтча менен жабдылган.

“Сутканын караңгы мезгили” – кечки күүгүмдөн таңкы күүгүмгө чейинки убакыттын аралыгы.

“Тоннель” – транспорт каражаттарын, сууну ж.б. өткөрүү үчүн арналган, жер катмарынын, тоо массивинин же суу тоскоолунун астынан өтүүчү жер алдындагы инженердик курулма.

“Тормоздук жол” – шашылыш тормоз берген учурда транспорт каражаты тормоздук системанын башкаруу органына (педаль, тутка) таасир эткенден баштап ал толук токтогонго чейинки аралык.

“Транспорт каражаты” – адамдарды жана (же) жүктөрдү ташууга арналган түзүлүш.
МЕХАНИКАЛЫК ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫ
МЕХАНИКАЛЫК ЭМЕС ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫ
“Тротуар” – жекече мобилдүүлүк каражаттарын колдонгон адамдардын жана жүрүүчү бөлүккө кошулуп же андан газон менен бөлүнүп турган велосипедчилердин жүрүүсү үчүн арналган жана жолдун элементи.

“Көчө” – калктуу конуштун чегиндеги автомобиль жолу.


“Жол бошотуу (тоскоолдук жаратпоо)” – эгерде бул ага караганда артыкчылыгы бар кыймылдын катышуучуларынын кыймыл багытын же ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлай турган болсо, жол кыймылынын катышуучусунун кыймылды баштоого, кайра баштоого же улантууга, кайсы бир маневрди жасоого болбой тургандыгын билдирген талап.

“Айдоочунун чарчоосу” – транспорт каражатын башкаруу убагындагы иштин натыйжасында көңүл коюунун азайышынан, кыймыл-аракеттин координациясы бузулушунан, уйку келүүдөн улам билинген организмдин физиологиялык абалы.

“Жол кыймылынын катышуучусу” – айдоочу, жөө адам, транспорт каражатынын жүргүнчүсү, малды айдоочу катары кыймылдын процессине түздөн-түз катышкан адам.
“Электромобиль” – электр энергиясынын көз карандысыз булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор ж.б.) азыктандыруусу бар, ичинен күйүүчү кыймылдаткычсыз, бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келүүчү автомобиль.

“Транспорт каражатынын экологиялык коопсуздугу” – бул айлана-чөйрөгө терс таасирдин даражасын азайтуучу транспорт каражатынын касиеттери.

“Эстакада” – кесилишкен жерде бир жол экинчи жолдун үстүнөн өткөндө транспорт каражаттарынын жана (же) жөө адамдардын жүрүшү үчүн, ошондой эле бош эмес жерлерди же транспорттордун агымын айланып өтүү максатында жердин деңгээлинен жогору турган жол жасоо үчүн арналган инженердик курулма.

1.3. Жол кыймылынын катышуучулары Эрежелердин өздөрүнө тиешеси бар талаптарын, светофорлордун сигналдарын, белгилерди жана чийиндерди билүүгө жана сактоого, ошондой эле жөнгө салуучуларга берилген укуктардын чектеринде иш жүргүзгөн жана жол кыймылын белгиленген сигналдар менен жөнгө салган бул адамдардын буйруктарын аткарууга милдеттүү.
1.4. Жолдордо транспорт каражаттарынын оң тараптуу кыймылы белгиленген.
1.5. Жол кыймылынын катышуучулары кыймыл үчүн коркунуч түзбөгүдөй жана зыян келтирбегидей түрдө жүрүүгө тийиш.
Жолдордун кыртышына зыян келтирүүгө жана аны булгоого, жол белгилерин, светофорлорду жана кыймылды уюштуруунун башка техникалык каражаттарын алып салууга, тосууга, өз алдынча орнотууга, кыймылга тоскоолдук кылуучу буюмдарды жолго таштоого тыюу салынат. Тоскоолдук түзгөн адам аны четтетүү үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө, ал эми бул мүмкүн болбосо, коркунуч жөнүндө мүмкүн болгон каражаттар менен кыймылдын катышуучуларын маалымдоону камсыз кылууга жана милицияга кабарлоого милдеттүү.
1.6. Эрежелерди бузган адамдар колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
(*) Мындан ары – Эрежелер
(**) Бул жерде жана мындан ары 1-тиркемеге ылайык жол белгилеринин номерлери келтирилет.
(***) Бул жерде жана мындан ары 2-тиркемеге ылайык жол чийиндеринин номерлери келтирилет.