Айдаганга үйрөтүү

(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 28-августундагы №535 токтомунун редакциясына ылайык)

21.1. Транспорт каражатын айдаганга алгачкы үйрөтүү жабык аянттарда же автодромдордо жүргүзүлөт.

21.2. Жолдордо айдаганга үйрөтүүгө үйрөтүүчү менен гана же окуп жаткан адамда башкаруу жагынан алгачкы көндүмдөрү болгондо гана жол берилет. Үйрөнүп жаткан адам Эрежелердин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү.

21.3. Үйрөтүүчүнүн жанында транспорт каражатын айдаганга үйрөтүү укугуна документ же 3 жылдан ашык айдоочулук стажы, ошондой эле “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу бул документти санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда тиешелүү категориядагы транспорт каражатын башкаруу укугуна күбөлүк болууга тийиш.

21.4. Автомобилге үйрөнүп жаткан адамга кеминде 16 жаш, мотоциклге үйрөнүп жаткан адамга кеминде 14 жаш болууга тийиш.

21.5. Окутуу жүргүзүлүп жаткан механикалык транспорт каражатында “Үйрөтүү транспорт каражаты” деген таануу белгиси болууга жана ал үйрөтүүчү үчүн артты көрүүчү күзгү менен, тормоздун, ылдамдыкка которуунун сыңар педалдары жана артты көрүүчү күзгү менен жабдылууга тийиш.

21.6. Тизмеси белгиленген тартипте жарыяланган жолдордо айдаганга үйрөтүүгө тыюу салынат.

21.7. Курсанттардын же окуп жаткан катталган топтордун окуулук айдоосу автодромдордо же автополигондордо 20-30 саат айдагандан кийин окутуучу уюмдардын (автомектептердин, ийримдердин) автомобилдеринде гана көчөлөрдүн жана жолдордун уруксат берилген участокторунда гана ишке ашырылат. Мында жанында айдоо китепчеси болууга тийиш.

Scroll to Top