Атайын сигналдарды колдонуу

(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)

ОПЕРАТИВДҮҮ ЖАНА АТАЙЫН ТРАНСПОРТ
ЖАРКЫЛДООЧУ МАЯКТАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

3.1. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кечиктирилгис кызматтык тапшырманы аткаруу менен көк түстөгү жаркылдоочу маягы күйгүзүлүп, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылган шартта ушул Эрежелердин 2.8-пунктунун тогузунчу абзацынын (колду колдонбостон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүш менен жабдылбаган телефонду кыймыл убагында колдонуу), 6-бөлүмүнүн (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары), 8-18-пункттарынын, ушул Эрежелердин 1 жана 2-тиркемелеринин талаптарынан четтей алат.

3.2. Көк түстөгү жаркылдоочу маякка кошумча иретинде кызыл түстөгү маяк иштетилиши мүмкүн.

Кыймылдын башка катышуучуларына караганда артыкчылык алуу үчүн мындай транспорт каражаттарынын айдоочулары көк түстөгү жаркылдоочу маякты же үн чыгаруучу атайын сигналды иштетүүгө тийиш. Булар өздөрүнө жол берилип жаткандыгына ынангандан кийин гана артыкчылыктан пайдалана алат.

Ушундай эле укукту оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттары менен коштолгон транспорт каражаттарынын айдоочулары Эрежелердин ушул пунктунда белгиленген учурларда пайдалана алат.

3.3. Көк жана (же) кызыл түстөгү жаркылдоочу маягы жана атайын үн сигналы күйүп турган транспорт каражаттары жакындаганда айдоочулар фаралардын жакынкы жарыгы күйгүзүлүшү керек болгон ушул жана аларды коштогон башка транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн жол бошотууга, ал эми зарыл болгон учурда токтоого милдеттүү. Көк жана (же) кызыл түстөгү жаркылдак маяктары күйгөн колоннаны жапкан транспорт каражаты өткөндөн кийин гана кыймылды кайра баштоого уруксат берилет.

Көк жана кызыл түстөгү жандырылган маягы жана атайын үн сигналы менен бараткан транспорт каражатты, ошондой эле ал коштоп жүргөн транспорт каражатты (транспорт каражаттарды) кууп өтүүгө тыюу салынат.

3.4. Көк түстөгү жаркылдоочу маягы иштеп бир ордунда турган транспорт каражатына жакындаганда айдоочу зарылчылык болсо тез токтой алышы үчүн ылдамдыкты азайтууга тийиш.

3.5. Күрөң-сары же сары түстөгү жаркылдоочу маягы иштетилген транспорт каражаттарынын айдоочулары жолдо курулуш, оңдоо же тазалоо иштерин аткарып жаткан учурда жол белгилеринин жана чийиндеринин, ошондой эле Эрежелердин 9.4-9.8 жана 16.1-пункттарынын талаптарынан четтей алат, мында “кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат. Башка айдоочулар алардын ишине тоскоолдук кылууга тийиш эмес.

Аталган жарык чыгаруучу маяктар ири габариттүү, оор салмактагы жана кооптуу жүктөрдү ташыган же коштогон транспорт каражаттарда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу подразделениесинин уруксаты менен колдонулушу мүмкүн.

Күрөң-сары же сары түстөгү жаркылдоочу маяк кыймыл учурунда артыкчылык бербейт жана коркунуч жөнүндө кыймылдын башка катышуучуларына эскертүү үчүн кызмат кылат.

Scroll to Top