Арабалардын кыймылына, ошондой эле жаныбарларды айдоого кошумча талаптар

(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык)

25.1. Арабаны (чананы) башкарууга, жүк ташуучу, минүүчү жаныбарларды же үйүрлөрдү жол кыймылында айдоого 14 жаштан жогору адамдарга жол берилет.

25.2. Арабалар (чана), минүүчү жана жүк ташуучу жаныбарлар бир гана катарда, оң тарапка ылайыктап жүрүүгө тийиш. Эгерде бул жөө адамдарга тоскоолдук жаратпаса, жолдун жээги менен жүрүүгө жол берилет.

Арабалардын (чаналардын), жүк ташуучу жана минүүчү жаныбарлардын колонналары жолдун жүрүүчү бөлүгү менен жүрүүдө 10 минүүчү жана жүк ташуучу жаныбарлардан жана 5 арабадан (чаналардан) турган топторго бөлүнүшү керек. Ашып өтүүнү жеңилдетүү үчүн топтордун ортосундагы аралык 80-100 м болушу керек.

25.3. Арабанын (чананын) айдоочусу жанаша аймактан же экинчи даражадагы жолдон чыгып баратканда көрүнүшү чектелген жерлерде жаныбардын тизгинин тартууга тийиш.

25.4. Жаныбарларды жол боюнда, эреже катары күндүзгү убакта айдап чыгуу керек. Аларды жергиликтүү маанидеги жолдордон башка автомобиль жолдорунда жана газондордо жаюуга тыюу салынат. Мал айдоочулар жаныбарларды мүмкүн болушунча жолдун оң четине жакын айдоого тийиш.

25.5. Жаныбарларды темир жол аркылуу айдап өтүүдө үйүр мал айдоочулардын санын эсепке алуу менен ар бир топтун коопсуз өтүүсү камсыз кылынгандай сандагы топторго бөлүү керек.

25.6. Арабаларды (чаналарды), жүк ташуучу, минүүчү жаныбарларды жана малды айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • жолдо жаныбарларды көзөмөлсүз калтырууга;
  • жаныбарларды темир жолдор жана атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары жолдор аркылуу, ошондой эле сутканын караңгы мезгилинде жана көрүү начар шарттарда айдоого (ар кандай деңгээлдеги мал айдоодон тышкары);
  • башка жолдор бар болсо, асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жолдор менен жаныбарларды алып жүрүүгө;
  • арабаны (чананы) арабадан бир метрден ашпаган аралыкта кыймылдын жүрүшү боюнча оң жагына арабага чегилбеген бош жаныбарды байлабастан айдап жүрүүгө.
Scroll to Top