Кыргыз Республикасынын аймагындагы ылдамдык
ТАБЛИЦАСЫ

Тема №10: Кыймылдын ылдамдыгы жана дистанция

10.1. Айдоочу транспорт каражатын белгиленген чектөөдөн ашпаган ылдамдыкта айдоого тийиш, мында кыймылдын ыкчамдыгын, транспорт каражаты менен жүктүн өзгөчөлүгүн жана абалын, жол жана метеорологиялык шарттарды эске алууга тийиш. Атап айтканда, жүрүп бараткан багыттагы айлананын көрүнүшүн эске алууга тийиш. Ылдамдык айдоочуга Эрежелердин талаптарын аткаруу үчүн транспорт каражатынын кыймылына туруктуу контролдукту камсыз кылууга тийиш.

Айдоочу байкай алган кыймыл үчүн коркунуч келип чыккан учурда ал транспорт каражатын дээрлик токтотууга чейин ылдамдыкты азайтуу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүүгө тийиш.

10.2. Калктуу конуштарда транспорт каражаттарынын 60 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен жүрүшүнө уруксат берилет.

Эскертүү: Эгерде жол шарттары көбүрөөк ылдамдык менен коопсуз кыймылды камсыз кылса, Бишкек шаарында жана (Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл) областтарында айрым участкаларда ылдамдык жогорулатылышы мүмкүн (мында тиешелүү 3.24-белгилери коюлат).

10.3. Калктуу конуштардан тышкары жерлерде төмөнкүдөй кыймылга уруксат берилет:

  • жеңил автомобилдер жана уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдер – 110 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен, калган жолдордо – 90 км/сааттан ашпайт, ушул пункттун тогузунчу абзацында каралган учурлардан тышкары;
  • шаарлар аралык жана өзгөчө чакан автобустар жана мотоциклдер бардык жолдордо – 90 км/сааттан ашпайт;
  • башка автобустар, сүйрөгөн чиркегичи бар жеңил автомобилдер, уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдер автомагистралдарда – 90 км/сааттан ашпайт, калган жолдордо – 70 км/сааттан ашпайт;
  • 2 жылдык тажрыйбасы бар айдоочулардын башкаруусундагы транспорт каражаттарына бардык жолдордо 70 км/сааттан ашпайт;
  • адамдарды кузовуна салып ташыган жүк ташуучу автомобилдер – 60 км/сааттан ашпайт;
  • механикалык транспорт каражаттарын сүйрөгөн транспорт каражаттары – 50 км/сааттан ашпайт;
  • коркунучтуу, өтө оор жана ири габариттүү жүктөрдү ташыган транспорт каражаттары – ташуунун шарттарын макулдашкан учурда милдеттендирилген ылдамдык менен.
  • жеңил автомобилдер жол шарттары коопсуз кыймылды камсыздай турган жолдун өзүнчө участокторунда – 110 км/сааттан ашпайт (тиешелүү 3.24 белгисин орнотуу менен).

Эскертүү: Тогузунчу абзацта каралган жол кыймылынын эң жогорку чектеги ылдамдыгын белгилөө жөнүндө чечим транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАКТАРЫНДА ЫЛДАМДЫК
Т А Б Л И Ц А С Ы

Ылдамдыкты ашыргандын айыптары

187-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу

  1. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу
     – 1000 сом (70% скидка)
  2. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40 км/сааттан көп эмес ашуусу
     – 3000 сом (70% скидка)
  3. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп эмес ашуусу
     – 7500 сом
  4. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу
     – 15000 сом
Scroll to Top