Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана

жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин
3-тиркемеси

Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортуна жарык чагылдыргычтар менен мамлекеттик тиешелүүлүк белгилерин орнотуунун жана колдонуунун
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомунун редакциясына ылайык)

1.1. Транспорттун ийилгич, катуу жарык чагылдыргычтары жана мамлекеттик тиешелүүлүк белгилери Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого алынган ата мекендик жана чет өлкөлүк транспорттун бардык түрлөрүндө ушул нускамадагы сүрөттөрдө көрсөтүлгөн жерлеринде гана орнотулат.

1.2. Эгерде транспорттун арткы панелинде ийилгич жарык чагылдыргычтын пленкасын кандайдыр бир себептер менен жабыштырууга мүмкүн болбосо, аны кошумча пластиналарда өзүнүн бекитүүчү кронштейндери менен орнотууга болот.

1.3. Транспорттун улуттук тиешелүүлүгүнүн өзгөчөлүү белгиси болуп жарык чагылдыргыч пленка эсептелет, анын составы башка жарык чагылдыргычтардыкындай эле болот, бирок ал эллипс түрүндө жасалып, кара жээк менен жээктелген – (КG).

1.4. Бул белги эллипс түрүндө эки өлчөмдө даярдалат.

1.4.1. Жеңил автомобилдер жана микроавтобустар үчүн: 58 x 125 мм өлчөмүндө;

1.4.2. Калган транспорттор үчүн: 130 x 190 мм өлчөмүндө;

1.5. Жеңил автомобилдерде, микроавтобустарда жана автобустарда белги арткы айнектин жогорку оң бурчуна жабыштырылат же орнотулат, ал эми калган транспорттордо арткы панелде сүрөттө (схемада) көрсөтүлгөндөй оң жагында орнотулат.

1.6. Ар бир транспорт каражатында эки жарык чагылдыргыч жана транспорттун мамлекеттик тиешелүүлүгүн билдирген бир белги орнотулушу керек.

1.7. Жол велосипединде, мопедде жарык чагылдыргыч арткы канатында туурасынан бекитилет, эгерде канаты жок болсо отургучтун төмөн жагында атайын кронштейн менен орнотулат.

1.8. Жарык чагылдыргычтарды узундугу 6,0 м ден кыска эмес механикалык транспорт каражаттарынын капталдарына, ат арабада алды жагына догосуна орнотууга жол берилет.

1.9. Жарык чагылдыргычтар жана транспорттун мамлекеттик тиешелүүлүк белгилери ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүнүшү тарабынан даярдалат жана жер-жерлерде бөлүктөр тарабынан каттоо, кайтадан каттоо учурунда, ошондой эле техникалык кароо учурунда орнотулат.

1.10. Транспорттун ээсине колдо жасалган жарык чагылдыргычтар менен мамлекеттик тиешелүүлүк белгилерин орнотууга жол берилбейт.

1.11. Жарык чагылдыргычтар атайын техникалык тейлөөнү талап кылбайт. Айдоочу өзүнүн транспортун тейлөөдө жарык чагылдыргычтын бекемдигин күн сайын текшерип турушу керек, эгерде керек болсо ным чүпүрөк менен сүртүп турушу зарыл.

1.12. Жарык чагылдыргычтын үстүнө так калтыргыч заттар: бензин, эриткич, кислота, май ж.б. заттар төгүлбөшү керек, анткени алар жарык чагылдыргычтын пленкасынын негизин жараксыз кылып салышат.

Scroll to Top